ИИМ: VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тынч өттү
Кечээ, 31-августта, Бишкек шаарында VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бардык тартылган кызматтардын шайкеш ишинин аркасында иш-чара штаттык режимде өтүп, коомдук тартипти бузууларга жана кырсыктарга жол берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдирди.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чара өткөрүлгөн аймакта, чектеш көчөлөрдө жана башка объекттерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.
Учурда милиция күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Укук коргоо органдары Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде катышуучулардын, коноктордун жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана көрүлгөн коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.