Көчмөндөр оюндары ачылышында мамлекет башчыларына кандай сый тамак тартууланды?
Казакстандык журналист Адиль Балтабаев Бишкектеги VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мамлекет башчылары жайгаша турган жай боюнча экскурсия учурунда жогорку даражалуу коноктор үчүн даярдалган аш тизмени көргөздү.
Тамак аш тизмеси
Муздак тамактар жана салаттар:
- жапайы лосось жана ышталган форель;
- жашылча мозаикасы;
- фермердик сыр кошулган өрдөк боорунан жасалган террин;
- салттуу ыкмада ышталган эт азыктарынын ассортиси;
- грек жаңгагы кошулган сезондук жашылча композициясы.
Негизги тамактар:
- курут соусу кошулган топоз этинен жасалган равиоли;
- өрдөк этинен даярдалган консоме;
- белуга икрасы менен сибас балыгы;
- кара трюфель менен демдеп бышырылган уй кабыргасы.
Десерт:
- чычырканак муссу кошулган ваниль крем-брюлеси.
VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 31-августта, жаңы «Бишкек Арена» стадионунда расмий түрдө ачылды. Негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда бүгүн башталат.