Көчмөндөр оюндары-2026: Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттайт
08:34, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз транспорт уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кырчынга төмөнкү пункттардан акысыз кичиавтобустар каттайт:
- Бает айылы — Кырчын;
- Жаркынбай айылы — Кырчын;
- Чолпон-Ата шаарындагы ипподром — Кырчын.
- Жалпысынан жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу үчүн 300 кичиавтобус тартылган.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун уюштурулган акысыз транспорт кызматынан пайдаланууга чакырды.