USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Бишкек Арена» стадионунда расмий ачылды

07:49, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанататтуу ачылышы «Бишкек Аренада» өтүп, 30 миңге жакын көрүүчү катышты.

Ачылыш аземинин башында Кыргызстандын мамлекеттик желеги көтөрүлүп, андан кийин гимн угулду. Андан соң оюндарга катышкан өлкөлөрдүн спортчуларынын парады башталды. Стадионго 30 миңден ашык көрүүчүлөр чогулду.

Ачылыш аземге салтанаттуу парадына 104 өлкөдөн келген 3000ден ашуун спортчулар катышты. Алардын арасында кыргызстандык 517 спортчу бар.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын куттуктап, дүйнө элдеринин маданий мурастарын жана салттарын сактоого жана жайылтууга өбөлгө түзгөн бул масштабдуу эл аралык спорттук форумдун маанисин белгиледи.

Программада кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына жана бай маданий мурасына арналган масштабдуу театралдаштырылган оюн өзгөчө орунду ээледи.

Көрүүчүлөргө көркөм бий композициялары, ат жалындагы өнөрлөр, салттуу жана улуттук ат оюндары тартууланды. Түркүн түстүү шоуга көптөгөн артисттер, чабандестер жана чыгармачыл жамааттар катышты.

 Эскерте кетсек,  Көчмөндөр оюндары 10 жылдан ашык убакыт ичинде камтыган аймагын жана катышуучулардын санын 4-5 эсеге кеңейтти. 2014-жылы 19 өлкөдөн 600дөй оюнчу спорттун 10дон ашык түрү боюнча мелдешкен. Ал эми быйыл 100дөй мамлекеттен 3000ден ашык спортчу мелдештерге катышат. Спорттук программа бул ирет 43 түр боюнча беттештерди камтыйт.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18