USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров: «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт»

22:43, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышында Россия 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдыгы тууралуу расмий кат түшкөнүн жарыялагым келет. Бул үчүн Россиянын жетекчиси Владимир Путинге ыраазычылык билдирем. Биз россиялык тарапка бул эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди президент.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 31-августта Бишкекте өтүүдө. Оюндардын негизги спорттук программасы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18