Көчмөндөр оюндары-2026: «Бишкек Аренада» ачылыш аземине кандай даярдык көрүлдү?
Саналуу сааттардан кийин «Бишкек Аренада» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт.
Учурда чет элдик делегациялар, салтанаттуу аземге чакырылгандар жана жарандар стадиондогу орундуктардан орун алышууда. Кире бериштерде кезектер пайда болду. Уюштуруучулар ачылыш аземине 27 миңге чукул көрүүчү келет деп күтүшүүдө.
Адамдарды стадионго жеткирүү үчүн шаардын 21 жеринен атайын шаттл-бастар уюштурулган. Оюндардын ачылыш аземи саат 19.30да башталат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына бир нече жүздөгөн ата мекендик жана чет элдик журналисттер көз салышууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Бишкек Аренанын» аймагында 400 кишиге эсептелген атайын пресс-борбор уюштурулду. Жалпысынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 900дөн ашык журналист аккредитациядан өткөн: алардын 700ү ата мекендик, 250сү чет элдик өкүлдөр.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышат. Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланат.



