USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстан жана Кытайдын биринчи айымдары эки өлкөнүн маданияты менен таанышты

15:17, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Кытай Эл Республикасынын биринчи айымы Пэн Лиюань бүгүн, 31-августта Кыргыз мамлекеттик тарых музейине барып, кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышты.

Жогорку даражалуу коноктор үчүн балдар хору кыргыз жана кытай тилдеринде саламдашуу чыгармаларын аткарып беришти.

Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз жана кытай элдеринин каада-салтын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө менен таанышышты.

Ошондой эле кыргызстандык жана кытайлык дизайнерлердин коллекциялары сунушталды.

Программанын өзгөчө бөлүгүн «Элечек — кыргыз аялзатынын баа жеткис мурасы» аттуу көрсөтүү түздү.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18