Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди
Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Ильхам Алиев Бишкекке «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышат.
Аэропорттон Азербайжандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Бишкекте ошондой эле уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган ШКУнун юбилейлик саммити өтөт.



