USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Никол Пашинян ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

14:17, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Армениянын премьер-министр Никол Пашинян Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Армениянын премьерине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Никол Пашинян «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышат.

Кыргызстан уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында ШКУга төрагалык кылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18