USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга келди

14:10, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Тхонглун Сисулит «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Лаос президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18