ЖК төрагасы: «Президент шайлоо учурунда ыйгарым укуктарын тапшырбайт»
Кыргызстандын президенти шайлоого катышуу мезгилинде ыйгарым укуктарын тапшырбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, колдонулган мыйзамдар шайлоо өнөктүгү учурунда президентти милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетүү зарылдыгын караштырбайт.
«Президент талапкер болсо да өзү кызматтан кетпейт. Мыйзам боюнча буга эч кандай чектөө жок, ал бардык функцияларын толугу менен аткарат», — деди Марлен Маматалиев. Ал бийликтин үч бутагы тең адаттагы режимде ишин улантарын баса белгиледи.
Ошентип, Марлен Маматалиев шайлоо мезгилинде дал өзү президенттин милдетин аткаруучу болуп калышы мүмкүн деген талаш-тартыштарга жана болжолдоолорго чекит койду.
Эске салсак, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Садыр Жапаров буга чейин шайлоого катышуу жана экинчи президенттик мөөнөткө талапкерлигин коюу ниетин ачык билдирген.