Көчмөндөр оюндары −2026: Америкалык ырчы Николь Шерзингер Бишкекке келди
Америкалык ырчы Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди.
Атактуу ырчыны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков тосуп алды.

Николь Шерзингер дүйнөлүк танымалдуулукка жеткен The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти. Ал топтун курамында «Don’t Cha», «Buttons», «When I Grow Up» сыяктуу дүйнөгө белгилүү хиттерди аткарып, өзүнүн жеке чыгармачылыгы менен да таанылган.
Ырчы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сахнага чыгып, Кыргызстанга келген чет элдик конокторго жана кыргызстандыктарга өзүнүн өнөрүн тартуулайт.