Бишкекте Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу башталды
Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуусу башталды.
Азем учурунда Кытай мамлекетинин башчысы кыргыз аскер кызматчыларына «Салам!» деп кайрылып учурашты.

Сүйлөшүүлөрдү ачып жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди кадырлуу досу деп атады.«Сизди меймандос кыргыз жеринде зор кубаныч менен тосуп алам. Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүү чакыруума макулдугуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгында Сизди тосуп алуу биз үчүн чоң урмат», — деди президент.
Си Цзиньпин Кыргызстанда мамлекеттик иш сапары менен келди. Ал ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга катышат.
Күн мурун эки өлкөнүн лидерлери жубайлары Айгүл Жапарова жана Пэн Лиюань менен бирге кечки тамак үстүндө расмий эмес жолугушуу өткөрүштү.