БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди
10:30, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тосуп алды. Антониу Гутерриш ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына жана Бишкекте өтүп жаткан иш-чараларга катышат.