USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Бишкек Аренага» эмнелерди алып кирүүгө болбойт? Тыюу салынган буюмдар тизмеси

10:13, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкек Арена» стадионунун администрациясы жана Ички иштер министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Ага төмөнкүлөр кирет:

  • баңгизат жана башка тыюу салынган заттар;
  • тамеки, IQOS, насвай жана алардын аналогдору;
  • сагыз;
  • айнек бөтөлкө, банка, термос жана башка катуу жана сынуучу идиштер;
  • алдын ала уруксат алынбаган кесиптик сүрөт жана видеокамералар, дрондор жана башка жабдуулар;
  • чоң рюкзак, сумка, чемодан жана башка көлөмдүү жүктөр;
  • сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар;
  • курал-жарак, сайгыч, кескич жана башка кооптуу буюмдар;
  • аэрозолдук жана газ баллондору, тез күйүүчү суюктуктар жана башка кооптуу заттар;
  • пиротехникалык каражаттар, фейерверктер жана сигнал берүүчү каражаттар;
  • тиешелүү уруксаты жок радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафондор жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттар.

Белгиленгендей, жогоруда аталган буюмдардын бардыгы кире бериштен алынат.

Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда жолдордун айрым тилкелерине убактылуу чектөөлөр киргизилет

Транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен жабылып турат. Айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырууну жана мүмкүнчүлүк болсо сапарлардан баш тартууну суранышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18