Бишкекте айдоочулардын ортосунда мушташ чыкты. Чыр-чатактын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул факт боюнча текшерүү башталды. Милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларын жана бардык жагдайларын аныктап жатышат.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт», — деп билдиришти милициядан.