USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

09:10, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өткөн 35 жылдын ичинде, айрыкча Сиздин беш жылдан ашуун убакыттан берки жетекчилигиңиздин алдында Кыргыз Республикасы мамлекет куруу жаатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Достук мамиледеги коңшу жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары кытай тарап бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берем. Былтыр Сиз менен үч ирет жолугуп, эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык боюнча кеңири пикир алмаштык, өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктадык. Эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Кыргызстандын тагдырлаш коомчулугун жаңы бийик деңгээлден түптөөгө карай Сиз менен биргелешип аракеттенүүгө даярмын.

Сиздин өлкөңүзгө өнүгүп-өсүүнү, ал эми элиңизге бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18