Ушаков: Владимир Путин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат
ШКУга төрагалык кылып жаткан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларын саммиттин иши башталардын алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин көрүүгө чакырды. Ал эми мелдештер жакынкы жумада Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Владимир Путин Оюндардын ачылышына катышат деп билдирди журналисттерге орусиялык лидердин жардамчысы Юрий Ушаков.
Орусия Федерациясынын башчысынын графигинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине катышуу, ШКУ+ форматындагы жолугушуу жана кесиптештери менен эки тараптуу кеңешмелер пландаштырылгандыгын Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков дагы маалымдады.
Анын айтымында, Владимир Путин жакынкы эки күнүн Кыргыз Республикасында өткөрөт. Бул сапар «узак жана мазмундуу» болот.
Орусиялык лидердин графигинде ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине катышуу, ШКУ+ форматындагы жолугушуу, кесиптештери менен эки тараптуу жолугушуулардын бүтүндөй марафону пландаштырылган. Мындан тышкары, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине чакырылган.
«Кыргызстанда президенттин азыркы сапары абдан узак, мазмундуу болот. Бишкектеги ШКУ боюнча эки күн. Анан аралыгында көп сандагы эки тараптуу жолугушуулар өтөт», — деп айтып берди журналисттерге Дмитрий Песков учаар алдында.
Бишкекке учуп келээри менен эле Орусиянын президенти кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөнөйт.
Юрий Ушаков белгилегендей, бул «абдан маанилүү жолугушуу» болот. Орусия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын лидерлери быйыл экинчи жолу бетме-бет көрүшүп жатышат жана бул маектин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелерин жана эң маанилүү эл аралык көйгөйлөрдү талкуулап чыгышат.
Юрий Ушаков Орусия менен Кытайдын «Сибирь күчү — 2» долбоору боюнча макулдашуулары жыйынкталарын күтүү керекпи дегенди конкреттештирген жок, бирок «эки тараптуу планда бул тема талкууланат» деп белгиледи.
Андан соң Владимир Путин башка негизги өнөктөшү — Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушат. Бул маек Путиндин сентябрь айында БРИКС саммитине Индияга пландаштырылган сапарынын алдында өтөт. Бирок, Ушаков баса белгилегендей, жолугушуу кыйла кызыктуу болот, анткени саясатчылар «анда бир катар маанилүү маселелерди талкуулоону макулдашышкан».
Эки күндүк эл аралык эки тараптуу жолугушуулар марафонунун биринчи бөлүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен маек жыйынтыктайт. Казакстандык кесиптеши менен Владимир Путин жакында эле, 25-июлда Омск шаарында өткөн Россия жана Казакстан кызматташтыгынын XXII форумунда көрүшкөн. Бирок, Юрий Ушаковдун айтымында, «лидерлер Бишкектеги бул жолугушууда кошумча талкуулагысы келген маселелер бар».