Көчмөндөр оюндары −2026: Кыргызстандын намысын кимдер коргойт. Толук тизме
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күч сынаша турган Кыргызстан курама командасынын толук курамы жарыяланды. Тизмеге спорттун 37 түрү жана программалык багыттары боюнча 215 спортчу кирди. Кыргызстандын эң көп өкүлү ат спорту дисциплиналарында болот.
Алыс аралыкка ат чабуу марафонуна 33 спортчу, жорго салыш жана бышты жоргого — 24, кунан чабыш жана аламан чабышка — 18 спортчу катышат. Кыска аралыкка ат чабышта тогуз спортчу күч сынайт.
Ошондой эле курама команда ат үстүндө салттуу жаа атуу, салбуурун, тайган жарыш, бүркүт салуу, тыйын эңмей, ордо жана эр эңиш боюнча мелдештерге катышат.
Кыргызстандык команданын программасына күч спорт түрлөрү да кирди: аркан тартыш, таяк тартыш, армрестлинг жана стронгмен. Айрым спортчулар интеллектуалдык жана салттуу оюндарга — тогуз коргоол, мангала, овари жана сөөк талкалоого катышат. Катышуучулардын чоң тобу улуттук күрөш түрлөрү боюнча чыгат.
Кыргызстан кыргыз күрөшү, алыш, татар, казак, өзбек, түркмөн, якут, корей, монгол, азербайжан күрөштөрү, иран күрөшүнүн бир нече түрү, ошондой эле самбо жана сумо боюнча көрсөтүлөт. Командалык ат оюндарында 12ден спортчу катталган.
Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курамасына Нуржан Мелисбек уулу, Байтегин Оморбеков, Айдаркан Анарбеков, Эдилжан Токтогул уулу, Нурбек Юсупов, Сейитбек Анарбек уулу, Тилек Мусабеков, Айтбек Жолдошбек уулу, Мирбек Муташов, Эрназар Кошумбаев, Кыяз Ниязов жана Таштемир Майлибаев кирет.
Көкпар боюнча команданын курамына Жолдошбек Орозбаев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Качкынбаев, Эрсултан Айдаркан уулу, Эрлан Толобеков, Рустам Мудунов, Дастан Русланов, Дастан Сагынбек уулу, Рустам Тыналиев, Манас Ниязов, Исхак Бекболот уулу жана Өмүрбек Эсен уулу кирди.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт.
Ачылыш аземи 31-августта Бишкектеги «Bishkek Arena» стадионунда болуп, негизги мелдештер жана маданий иш-чаралар андан кийинки күндөрү Ысык-Көлдө улантылат.
















