Көчмөндөр оюндары-2026: Спорттук программасы жана мелдештердин убактысы
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы жана мелдешти өткөрүү тартиби жарыяланды. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу боюнча медиа штабдан билдиришти.
Ага ылайык, мелдештер спорттун улуттук жана салттуу түрлөрү боюнча бекитилген графиктин негизинде өткөрүлөт.
Иш-чаралардын толук тартиби жана графиги төмөндөгү таблицада көрсөтүлдү:
Эскерте кетсек, алтынчы Оюндардын ачылышы 31-августта жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт, ал эми мелдештер 1-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталат.
Көк-бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндар 6-сентябрга пландаштырылган.





