USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары ачылышында Кыргызстандын туусун Азисхан Мусабек уулу көтөрөт

07:35, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын мамлекеттик туусун өлкө курамасынын капитаны, эмгек сиңирген спорт чебери Азисхан Мусабек уулу көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ведомство башчысы Урмат Асанбаев тууну спортчуга салтанаттуу түрдө тапшырды.

Көчмөндөр оюндары −2026: Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Азисхан Мусабек уулу көтөрүп чыгат

Азисхан Мусабек уулу — кыргыз күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү, улуттук спорт түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, кыргыз күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, «алыш» белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, ошондой эле «алыш» белбоо күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда өтсө, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Бишкектеги ШКУ саммити 31-август жана 1-сентябрга пландаштырылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18