Жаңы завод Бишкек жана Ош шаарын жашылдандырууга 200 тонна жер семирткич берди
Кыргызстан — Кытай соода инвестициялык палатасы жөнгө салган «Кыргыз жер семирткич заводу» Бишкек жана Ош шаарларын жашылдандырууга салым кошуу максатында атайын ылайыкташтырылып даярдалган 200 тонна жер семиркичти тапшырып берүүнү демилгелеп, ишке ашырды. Бул саамалык Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмумун (ШКУ) мааракелик саммитин даярдоо мезгилине туш келди.
Аталган эки шаардын ар бирине 100 тоннадан жер семирткич берилди. Сөз болуп жаткан жер семирткичтер кытай технологиясына негизделген ишканада өндүрүлдү. Анын курамы гумин кислотасына жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзө турган микроэлементтерден түзүлүп, Борбордук Азиянын топурагынын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган.
Бишкек, Ош шаарларынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын президенитинин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен жер семирткич чыгаруучу заводдун директору Чжао Сюэцзюндун катышуусунда өткөрүлгөн иш чарада жер семирткичтин тапшырылгандыгын ырастап кол коюшту.
Жер семирткич заводунун маанилүүлүгү тууралуу ойлор, пландар айтылып, идеялар да талкууланды.
«Бизде адатта топурактын анализин көрбөйбүз. Азоттуу жер семирткич себе берип берип топурактын асылдуулугун жоготуп алабыз. Мында эң негизги багыт — гумин. Гуминдин азыктары бар. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул топурактын өзүн азыктандыра турган зат. Экинчи, жер семирткичтеги затта: азот, калий, фосфор бар. Анын көлөмү азыраак, ал өсүмдүккө таасир этет. Бул жерде өсүмдүккө бере турган заттар гумин менен байланышып, жердин топурагынын асылдуулугун жогорулатып, өсүмдүктөрдүн тамырын күчтөндүрөт. Ошонун негизинде өсүмдүк «оорубай» өсөт дагы түшүмдүүлүгү жогору, сапаттуу болот. Өзгөчөлүгү ушунда. Кыргызстанда жалпысынан жылына 150-200 миң тонна жер семирткич керектелет. Заводдун максаты Кыргызстанга менен эле чектелбей жер семирткичти экспорттоо. Бул толугу менен азот, фосфор же калийдин маселесин чечпейт. Бирок, мунун негизги багыты жерибизди жакшыртуу. Дагы бир жолу айтып коеюн, жер бул эне. Биз өз жерибизди бакпасак, ага азыктарды бербесек, аны жакшынакай карабасак, жер бизге жакшы өсүмдүктү бербейт», — деди Кыргыз Республикасынын президенитинин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев.
Шаар бийликтеринин өкүлдөрү калааларды жашылдандыруу боюнча сезондук жумуштарда сөз болуп жаткан жер семирткичтердин салымы кандай болоору тууралуу айтып беришти. Тараптар жергиликтүү бийликтер менен өндүрүш ортосундагы мындан аркы алака, байланыштардын маанилүүлүгүнө да көңүл бурушту.
Кыргызстан — Кытай соода инвестициялык палатасынын жетекчиси өз ара ишеним, эки тарапка тен пайдалуу кызматташтык, эки тарапты тең ынандырган кирешелүүлүк, тең укуктуулук аркылуу келечекке умтулуу — кыргыз -кытай кызматташтыгынын маанилүү принциптеринин бири экенин баса белгиледи. Палата кытайлык өндүруштөр менен кыргызстандык өнөктөштөрдүн ортосундагы алакаларды жакшыртып, биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусуна аракеттерин уланта турганын айтып, мындай аракеттер иштиктүү мамилелердин жакшыруусуна жана тутурктуу өнүгүүгө өбөлгө болооруна токтолду.
Аталган завод ошондой аракеттердин натыйжасы болуп саналат. Ал биринчи кезекте кыргыз дыйкан, фермерлерин колдоого багытталган.
«Азыр биринчи линиясы ишке кирип жатат. Бул жылына 100 миң тонна жер семирткич чыгара алат. Жакын арада экинчи линия ишке берилет, азыр керектүү жабдуулары жолдо келе жатат. 2027-жылдын алгачкы айларында үчүнчү линияга кезек келет. Учурда анын жерин даярдоо иштери жүрүп жатат. Жалпысынан завод толук кандуу ишке киргенде жылына 500 мин тонна жер семирткич чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. 2000ден ашуун кишиге жумуш орду түзүлөт», — деди Кыргыз жер семирткич өндүрүү заводунун демилгечиси Абдыжапар Бегматов.
Мамилелердин мындай динамикасы «Бир жол, бир алкак» демилгесинин жүзөгө ашуусуна жана кызматташтыктын тереңдешине жол ачат.
Бул кыргыз заводунун долбооруна 2023-жылдын май айында «Кытай — Борбор Азия» Саммитинде мамлекет башчыларынын катышуусунда кол коюлган. Долбоордун шарттары боюнча эксплуатацияга берилгенден кийин отуз жыл өткөн соң Кыргыз өкмөтүнө толугу менен кайтарылып берилет.



