Көчмөндөр оюндары-2026: UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди
UFCнин чемпиону Валентина Шевченко VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Спортчуну «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты.

Оюндардын уюштуруучулары билдиргендей, Валентина Шевченко өлкөгө иш-чаранын расмий элчиси макамында келди.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Состязанияга катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн спортчулардан билдирмелер түшкөн. Иш-чарага 3 миңге чукул спортчу катышат деп күтүлүүдө. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, программага спорттун 42 түрү киргизилген.