USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү: жарым жылда 816 бала чарчап калды

13:07, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь — июнь айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 816 бала каза болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде чарчап калган ымыркайлардын саны 781ди түзгөн.

Көрсөтүлгөн мезгилдеги өлүмдүн негизги себептери төмөнкүлөр болду:

  • перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар — 555 бала (каза болгон балдардын жалпы санынын 68 пайызы);
  • тубаса өрчүп-өсүү кемтиктери — 135 ымыркай (17 пайыз);
  • дем алуу органдарынын оорулары — 71 бала (9 пайыз).
  • Белгилей кетсек, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселеси жакында эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында көтөрүлгөн.
  • Буга чейин ведомство 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону анонстогон.

Негизги артыкчылыктардын катарында төмөнкүлөр бар:

  • кош бойлууларды мониторингдөө жана бейтаптарды багыттоо системасын өркүндөтүү;
  • медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра кароо;
  • заманбап пренаталдык скрининг технологияларын киргизүү;
  • генетикалык лаборатория түзүү;
  • үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди өнүктүрүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18