«Нелегал» рейди: Бишкекте чет өлкөлүктөргө 1,1 миллион сом айып пул салынды
Бишкекте 5-августтан 19-августка чейин «Нелегал» рейддери өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Иш-чараларды УКМК кызматкерлери Бишкек шаардык ИИББнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен биргеликте жүргүзүштү. Алар чет өлкөлүктөр жүргөн турак жайларды, коммерциялык объекттерди жана башка жайларды текшеришти.
Рейддин жыйынтыгы боюнча Бишкек ИИББнин бөлүмдөрүнө 156 чет өлкөлүк жаран жеткирилип, 97 административдик протокол түзүлдү. Айып пулдардын жалпы суммасы 1 миллион 100 миң сомдон ашты.
48 адамдан миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары табылды. 33 чет өлкөлүккө карата административдик протоколдор түзүлдү. Айып пулдардын жалпы суммасы 322 миң сомду түздү. 10 мотоцикл жана эки электровелосипед атайын айып токтотмого коюлду.
УКМКдан миграциялык мыйзамдарды бузууларды жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо боюнча иш-чаралар улантыларын билдиришти.





