Көчмөндөр оюндары −2026: Кырчын жайлоосунда мобилдик көчмө ооруканалар ачылды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда мобилдик госпиталь жайгаштырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, госпиталь күн сайын 150гө чейин амбулатордук бейтапты кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операция жасоого жөндөмдүү. Стационар 90 кишиге, ал эми интенсивдүү терапия бөлүмү сегиз орунга эсептелген.

Учурда бул жерде ӨКМдин кырсыктар медицинасы кызматынын 20 дарыгери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин 60 дарыгери иштеп жатканы кабарланды.
Комплекс 21 автоунаадан жана 31 чатырдан турат. Анда операциялык бөлмө, УЗИ жана рентген аппараттары, лаборатория, реанимобиль жана мобилдик дарыкана бар. Ошондой эле сууну чыпкалоо жана абаны тазалоо системалары, душ каралган. Мындан сырткары, Кырчында ӨКМдин эки тик учагы нөөмөттө турат.