USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүсү Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма чыкты

11:06, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» тарыхый драмасынын биринчи тизери жарык көрдү. Тасма чоң экрандарга 17-сентябрда чыгат.

Тасма Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата даярдалган. Фильмдин режиссеру — КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таалайбек Кулмендеев. Долбоор Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан ишке ашырылды.

Жусуп Абдрахманов (1901–1938)

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик ишмер жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы.

Ал 1920—1930-жылдары Советтер Союзунун курамында кыргыз автономиясын түзүүдө жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Абдрахманов башкаруу органдарын түптөөгө катышып, билим берүүнү, экономиканы жана улуттук институттарды өнүктүрүүнү жактаган.

1937-жылы сталиндик репрессия маалында антисоветтик ишмердүүлүк боюнча айыпталып, камакка алынган. 1958-жылы Жусуп Абдрахманов каза болгондон кийин акталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18