Баткенде бийик тоодо калып калган 17 жаштагы өспүрүм куткарылды
Баткен районунда куткаруучулар тоодон өз алдынча түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүмгө жардам беришти.
Окуя тууралуу маалымат 27-августта түшкөн. Бужум айылынын тургуну болгон өспүрүм Кык жайлоосуна эчки издеп кетип, тоодо кайра түшө албай калган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар жана милиция кызматкерлери чыгып кетишкен.
Куткаруучулар өспүрүмдү тоодон аман-эсен түшүрүп, ата-энесине өткөрүп беришти. Анын абалы жакшы деп бааланууда.