USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол курулушу: Ак-Талаада жаңы жер бөлүнөт

09:24, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагында аянты 3,36 гектарды түзгөн жер тилкелери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документте которуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан желез жолунун курулушу үчүн алынган жерлердин ордуна жарандарга тең баалуу жер тилкелерин берүү максатында ишке ашырылганы айтылат.

Райондук мамлекеттик администрацияга жерди эсепке алуу документациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаар куруу документациясын иштеп чыгуу, жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, жамгыр жана кар сууларын коопсуз агызуу системасын уюштуруу, сейсмге каршы иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле экологиялык, санитардык жана өрткө каршы талаптардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, курулуш иштерин жүргүзүүдө көзөмөл кылуу үчүн археолог тартылат.

Эске салсак, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан желез жолунун курулушу расмий түрдө 2024-жылдын декабрь айында башталган. Кыргызстандагы тилке Торугарт — Макмал — Жалал-Абад багыты боюнча өтүп, Кытай менен Өзбекстандын темир жол тармактарын бириктириши керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18