USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип тандалат?

08:03, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Көчмөндөрдүн Улуу күрөшү — көчмөн элдердин салттуу бел кур күрөшүнүн түрлөрүн бириктирген мелдеш. Анда балбандар салмак категорияларына бөлүнбөй, абсолюттук салмакта күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдешке башка күрөш түрлөрүндө жеңишке жеткен балбандар гана катышат. Негизги максат — атаандашты жерге ыргытуу. Упай же балл эсептелбейт, ийгиликтүү ыргытуу дароо жеңиш алып келет.

Жыйынтыгында бир гана абсолюттук чемпион аныкталып, ага «Көчмөндөрдүн Улуу балбаны» наамы ыйгарылат.

Жеңүүчүнүн ысымы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөрүнүн китебине алтын тамгалар менен жазылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18