USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте көчмөндөр оюндары ачылышын кайдан көрүүгө болот? 12 фан-зонанын дареги

14:48, 27 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин көрүү үчүн 12 фан-зона ачылат. Башкы фан-зона Ала-Тоо аянтында, калганы шаардын бардык төрт районунда жайгашат. Ал жерде Көчмөндөр оюндарынын ачылышынын жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларынын түз эфирде көрсөтүлөт.

Октябрь району:

«Тунгуч» кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;

«Ынтымак-2» паркынын амфитеары.

Ленин району:

Ю. Фучик атындагы парк;

«Ак-Өргө» конушундагы «Ашар» паркы;

«Жал» кичи районундагы «Муун» сквери.

Биринчи май району:

Кокчетав жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ч. Түлөбердиев атындагы парк;

Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорттук комплекс;

«Ак-Босого» конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан сквер.

Свердлов району:

Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорттук комплекси;

«Чыгыш-5» кичи району, 1а дарегинде жайгашкан № 66 орто мектеби;

Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги № 21 орто мектеби.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, трансляциялар башталганга чейин аянтчаларда концерттер өтөт. Мындан тышкары, шаар бийлиги фотозоналарга, көргөзмөлөргө, фуд-кортторго жана эс алуу зоналарына уюштуруу жумуштарын жүргүзөт. Шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн улуттук оюндар бар аянтчалар даярдалат.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алат, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Бишкектеги ШӨУ саммити 31-август жана 1-сентябрь күндөрүнө пландаштырылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18