USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Польша- 2026: Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча турнирде алтын медаль утту

11:30, 27 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Польшада өтүп жаткан «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026» эл аралык мелдешинде алтын медаль жеңди.

Асан Жанышов алтын медаль утту

Жанышов 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Биринчи кармашында ал мекендеши Азат Салидиновду 4:0 эсебинде жеңсе, андан соң венгриялык Тамаш Леваини (5:2) жана украиналык Ярослав Фильчаковду (4:1) утуп алды. Финалда Жанышов Армения өкүлү Геворг Тадевосян менен кездешип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Эске салсак, Варшавада Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026 эл аралык турнири өтүүдө. Анда Кыргызстандын намысын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалар коргоп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18