USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош шаарында курулуштагы эреже бузуулар үчүн компанияга 200 миң сом айып салынды

11:20, 27 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында Мамыров көчөсү, 54 дарегинде 12 кабаттуу турак үй куруп жаткан «Найман Ийгилик» компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда адистер болочок үй үчүн казылган котлован курулуш аянтынын тосмосунан чыгып кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу өткүнчүлөр жана объекттин жанында жүргөн башка адамдар үчүн коркунуч жаралган.

Компанияга эреже бузууну четтетүү жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүү берилди. Ошондон кийин тосмо чыңдалып, аныкталган кемчиликтер четтетилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18