USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кайгуул кызматы Бишкектеги жаңы жол чырактарынан кантип өтүүнү айтып берди

10:34, 27 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин жолдорунда жаңы жол чырактар орнотулду. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы алардын кандай иштээрин айтып берди.

«Эгерде жол чырактын негизги жашыл жарыгы күйүп турса, анда бардык багыттар боюнча: түз, оңго, солго жана артка бурулууга уруксат берилет», — деп белгилешти Бишкек шаардык МКККБнын басма сөз кызматынан.

Ведомстводон билдиришкендей, негизги жол чырактын жанында жайгашкан кызыл тегерек белги кошумча секциянын бар экенин гана билдирет. Ошондуктан, негизги жашыл белги күйгөндө бардык багыттар боюнча жүрүүгө уруксат берилет. МКККБдан мындай светофорду контурдук светофор менен чаташтырбоо керектигин баса белгилешти. Акыркысында жүрүүгө уруксат берилген багыттарды көрсөткөн жебелер бар.

Айдоочуларды кунт коюп көңүл бурууга жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18