Кыргызстанда бюджеттин салыктык эмес кирешелери өсүүдө
Кыргызстанда бюджеттин салыктык эмес кирешелери өсүүдө. 2025-жылы алар 88 миллиард сомго көбөйүп, жалпысынан 189,5 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин 2027—2031-жылдарга фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча отчетунда камтылган.
Бир жыл ичинде салыктык эмес кирешелердин ИДПдагы үлүшү 6,4 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү.
Салыктык эмес кирешелердин негизги булактарына төмөнкүлөр кирет:
- акциялардын мамлекеттик пакеттери боюнча дивиденддер;
- Улуттук банктын бюджетке которулуучу пайдасы;
- акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтар;
- жыйымдар жана төлөмдөр;
- башка салыктык эмес түшүүлөр.
Орто мөөнөттүү прогноздо салыктык эмес түшүүлөр 2027-жылы 149,2 миллиард сом өлчөмүндө каралган. 2031-жылга карата бул көрсөткүч 189,9 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө.