Кыргызстандын мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин өсүшү 1,15 трлн сомду түзөт
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 2027-жылы 791,1 миллиард сом деңгээлинде күтүлүүдө. 2031-жылга карата министрлер кабинети аларды 1 триллион 148,6 миллиард сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатат. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин 2027—2031-жылдарга фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча отчетунда камтылган.
Ведомствонун божомолуа ылайык, 2027-жылы бюджеттик кирешелер ИДПнын 28,9 пайызын түзсө, 2031-жылга карата алардын үлүшү 23,1 пайызга чейин төмөндөйт.
Ал эми мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2027-жылдагы 758,7 миллиард сомдон 2031-жылы 1 триллион 49,4 миллиард сомго чейин өсөт.