USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: Кыргыз жана казак акындарынын эл аралык айтышы өтөт

08:27, 27 августа 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 2—4-сентябрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери келе жаткан руханий жана маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого жана улуттук баалуулуктарды жаш муундар арасында жайылтууга багытталган.

Эл аралык айтышта Кыргызстандын жана Казакстандын таланттуу төкмө акындары ат салышып, курч сөзү, тапкычтыгы жана импровизациялык чеберчилиги менен өнөр сүйүүчүлөрүнө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Акындар комуздун күүсү менен коштолгон айтыш өнөрүнүн салтын улантып, эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн маанилүү темаларын ыр саптарына салышат.

Айтыштын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында болуп, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18