Польша — 2026: Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат
26-30-август күндөрү Польшанын Варшава шаарында «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open-2026» аттуу эл аралык күрөш турнири өтөт.
Бул мелдеште кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Кыргызстандын намысын коргойт.
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар:
Кубаныч Арынов — 60 килограмм;
Афтандил Таалайбек уулу — 63 килограмм;
Раззак Бейшекеев — 67 килограмм;
Амантур Исмаилов — 72 килограмм;
Ырыскелди Максатбек уулу — 82 килограмм
Асан Жанышов — 87 килограмм;
Азат Салидинов — 87 килограмм;
Үзүр Жусупбеков — 97 килограмм;
Мурат Ботоев — 130 килограмм.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар:
Сезим Жуманазарова — 59 килограмм;
Гүлнура Таштанбекова — 65 килограмм;
Мээрим Жуманазарова — 68 килограмм;
Айпери Медет кызы — 76 килограмм.