USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин батышында жаңы эс алуу жайы ачылат

16:14, 26 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин түндүк-батышында, Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы пайда болот.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан эс алуу жайынын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Анда балдар ойноочу жана спорттук аянтчаларды, воркаут, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды, унаа токтотуучу жайды жана жашыл аймактарды уюштуруу каралган.

Ошондой эле аймакка отургучтар, таштанды урналары жана энергия үнөмдөөчү көчө жарыктары орнотулуп, бак-дарактар отургузулат.

Учурда долбоор мындан аркы кароо үчүн Бишкек мэриясынын райондук администрациясына өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18