USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө кирет

13:35, 26 августа 2026, Бишкек - 24.kg

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеңил унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

«Анын алкагында Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жеңил унаалар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар төмөнкү жерлерде уюштурулат:

  • Байет айылы — «Чайка» эс алуу жайы;
  • Бактуу-Долоноту айылы — ат майдан;
  • Григорьевка айылы — муниципалдык чарбанын короосу;
  • Григорьевка айылы — мектептин спорт аянтчасы;
  • Семеновка айылы — чарба короосу;
  • Ананьево айылынын түштүк тарабы;
  • Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

Жарандарга жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталат. Коомдук транспорт менен жүрүү акысыз.

ЖКККББ бардык жарандарды жол кыймылынын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске алып, жол белгилеринин талаптарын так сактоого жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18