USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндарына Улуу Британиядан 50дөн ашык спортчу катышат

13:07, 26 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Улуу Британиядан тарыхтагы эң ири — 50дөн ашык спортчудан турган делегация келет. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Висенте Солера Дьюкар өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, сапардын алдында дипломаттар команданын айрым катышуучулары менен жолугуп, алар менен видео тартышкан.

Спортчулар алар үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эмнени билдирерин, эмне үчүн мелдешке катышууну чечишкенин жана Кыргызстанга болгон сапардан эң эле эмнени күтүп жатышканын айтып беришкен.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 30-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Учурда ДКӨнүн уюштуруу комитетине 112 өлкөнүн спортчуларынан арыздар түшкөн. Мелдештерге 3 миңге чукул адам катышаары күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18