Үй-бүлөлүк зомбулук: Ошто 37 жаштагы аялды күйөөсү катуу сабаган
Ош облусунун Өзгөн районунда 37 жаштагы аял күйөөсү тарабынан сабалгандан кийин ооруканага түшкөн. Анын катышуусундагы видео социалдык тармактарга тараган. Кадрлардан аялдын бети, башы жана денеси оор жаракат алганын көрүүгө болот.
Ош облустук ИИБден билдиришкендей, 10-августта аял денесине жаракат алып ооруканага кайрылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 48 жаштагы күйөөсү сабап салган.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жылдан жылга өсүүдө. Өткөн жылы ИИМ дээрлик 20 миң мындай фактыны каттаган, бул 2024-жылга караганда 27,5 пайызга көп. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле 6 миң 621 учур катталып, өткөн жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчтөн 44 пайызга көп болгон.

