USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Надырбек Мамадалиев U-23 курамынын башкы машыктыруучусу болду

08:28, 26 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Надырбек Мамадалиев Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Мамадалиев бул кызматта Урмат Абдукаимовду алмаштырды.

Надырбек Мамадалиев

Жаңы башкы машыктыруучу Азия футбол конфедерациясынын A категориясындагы лицензиясына ээ. Ал буга чейин Кыргызстандын улуттук жана Олимпиадалык курамаларында башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген.

Мамадалиевдин негизги милдеттеринин бири — 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Японияда өтө турган Азия оюндарына U-23 кураманы даярдоо болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18