Көчмөндөр оюндары −2026: Иш-чаралардын билет баасы канча турат?
1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баалары аныкталды. Оюндардын алкагында көрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү жана кирүү акысыз болгон иш-чаралар каралган

- Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз;
- Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт;
- VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү бааларда сатылат:
- борбордук жашыл сектордогу орундар — 4 000 сом;
- ак сектордогу стандарттык орундар — 3 000 сом;
- кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2 000 сом;
- сары сектордогу эконом орундар — 1 000 сом;
- көк сектордогу эконом орундар — 500 сом.
- Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жайгашкан жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү боюнча финалдык оюндарга билеттин баасы 1 000 сомду түзөт.
Акы төлөнүүчү иш-чараларга билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн, ошондой эле расмий кассалардан офлайн сатып алууга болот.
«Бишкек аренага» шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус шаар тургундарын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирет.