USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду

16:33, 25 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Абдукаимов бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди. Жаңы башкы машыктыруучуга улуттук кураманы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлөт.

Урмат Абдукаимов

Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын «А» категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын «Талант» клубун жетектеген.

Ошондой эле ал Кыргыз футбол биримдигинин машыктыруучуларды даярдоо курстарында жана семинарларында инструктор катары иш алып барып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18