Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жарым жылда 572 миллион сомдук долбоорлорду каржылады
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2026-жылдын январь — июнь айларында 572,1 миллион сомдук долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу фондду башкаруу дирекциясынын отчётунда айтылат.
Алты ай ичинде Фондко «Кумтөр Голд Компаниден» 810,6 миллион сом жана кирешелүү долбоорлордон дагы 125,2 миллион сом келип түшкөн. Биринчи жарым жылдыкка каржылоо планы 1,438 миллиард сомду түзүп, анын аткарылышы 95,4 пайызга жетти.
15 долбоорго үлүштүк катышууну каржылоого жана атайын техникаларды лизингге сатып алууга 31,9 миллион сом багытталды. Ошондой эле пайызы жок кайтарымдуу жардамдын экинчи траншы катары 21 ишкерге 104,4 миллион сом берилди.
Экинчи долбоор — Ак-Суу районундагы заманбап тигүү цехи. Аны ачуу үчүн ишкер 4,5 миллион сом пайызы жок кайтарымдуу жардам алган. Учурда цехте 10 киши эмгектенүүдө.
Эске салсак, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 1997-жылы түзүлгөн. Келишимге ылайык, «Кумтөр Голд Компани» дүң кирешесинин 1 пайызын фондго которуп турат. Каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде социалдык объекттерди курууга жана оңдоого, туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле ишкердик долбоорлорду колдоого багытталат.




