Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанды кыдырууда
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Анын Жалал-Абад облусуна болгон сапарынан тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Кадрларда спортчу Сары-Челекке жакын жайгашкан Кара-Камыш көлүнүн жээгинде ат минип жүргөнүн көрүүгө болот.
Ал жаратылышка суктанып: «Абдан кооз экен», — деп комментарий берди.
Эске салсак, буга чейин Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө келип, F1H2O суу-мотордук спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабына катышкан. Ал мелдештин расмий амбассадору катары чыккан.