Бүгүн, 25-августта саат 9:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштырууга байланыштуу убактылуу токтотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.