Улуттук өзгөчө коллекция. Президент «Ырыс Ордо» эмнелер менен кооздолгонун айтты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс борборунун салтанаттуу ачылышына катышып, борбор дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги эң орчундуу маселелер каралган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын, лидерлер саммиттеринин, ошондой эле глобалдык форумдар үчүн аянтча болорун белгиледи.
«Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык абырою жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат. Буюрса, бул жерде кабыл алынган тарыхый чечимдер, түзүлгөн эл аралык келишимдер дүйнөлүк тарых барактарында «Бишкек декларациясы» же «Ырыс Ордо келишимдери» деген ат менен кылымдарга кала тургандыгына терең ишенем«,-деди мамлекет башчысы.
Бул долбоорду ишке ашырууда биз имараттын коопсуздугуна, практикалык маанисине, шаар турмушуна тийгизе турган таасирине жана логистикасына өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.
«Ынтымак Ордонун» да, «Ырыс-Ордонун» да айтылуу Боз-Бөлтөктүн этегинде жайгашуусу бекер жерден эмес, бул ары символикалуу көрүнүш. Кечээги тарыхыбызды жакшы билген аксакалдар, тарыхчылар атактуу Түлөберди баатыр атабыз дал ушул чөлкөмдөрдү конуштап келгенин, ал эми анын небереси Байтик баатыр дал ушул жерде ордо тикелеп, элибиздин тагдырындагы тарыхый чечимдерди кабыл алып келгенин айтып келишет. Кыргыз элинин эгемендиги жана коопсуздугу үчүн тикесинен тик турган бул эки залкар жана анын санаалаштары ушул аймактарда ири дипломатиялык кадамдарды жасагандыгын да ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болушу үчүн айта кетүүнү атуулдук парзым«, — деди президент.
Ошону менен бирге, бул ири курулуш шаарыбыздын архитектуралык келбетине жаңы дем, жаңы көрк кошту. Имараттын заманбап футуристтик стили менен кыргыздын улуттук оюу-чиймелери айкалышып, Бишкектин визиттик карталарынын бирине айланат. Буюрса, борбор калаабыздын бул бөлүгү шаардын архитектуралык деңгээлин бир топ жогорулатып тураарын айтты.
Эл аралык ири иш-чаралар өтө турган бул имараттын ичинде, ошондой эле ага удаалаш жайгашкан чет өлкөлөрдүн эң жогорку жетекчилери үчүн курулган конок үйлөргө Гапар Айтиев, Леонид Деймант, Давид Флекман, эл баатырыбыз Тургунбай Садыков баштаган искусство чеберлеринин колунан жаралган керемет эмгектеринин илиниши «Ырыс Ордонун» беделин көтөрүп, ар бир кыргыз уулун сыймыктанта тургандыгын, Кыргыздын таланттуу сүрөтчүлөрү Жоомат Кадыралиевдин, Сабитжан Бакашевдин, Сатар Айтиевдин, Адылбек Байтерековдун, Талант Огобаевдин жана башка кыл калем ээлеринин тарткан сүрөттөрү бул көркөмдүү имараттардын маанисин арттыраарын белгиледи.
Ошол эле Тургунбай аганын чебер колунан чыккан Махмуд Кашкари менен Жусуп Баласагын бабаларыбыздын эстеликтери, алп манасчы Саякбай Каралаевдин, кыргыз өңү атыккан Сүймөнкул Чокморовдун, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү жана башка дал ушундай эмгектер улутубуздун уңгусун улап, кыргыз маданиятын чет өлкөлүк меймандарга даңазалай тургандыгын баса белгиледи.



