USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

U20: Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо турунун оюндары өтөт

07:40, 25 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 20 жашка чейинки жаштар курама командалары арасында Азия кубогунун тандоо турунун беттештери өтөт (AFC U20 Asian Cup Qualifiers). Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, квалификациянын алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Ливан жана Түштүк Корея командалары менен кездешет.

Оюндардын жүгүртмөсү:

31-август (16:00) — Ливан — Түштүк Корея

3-сентябрь (20:00) — Кыргызстан — Ливан

6-сентябрь (20:00) — Түштүк Корея — Кыргызстан

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18